Президент Садыр Жапаров рак менен ооруган балдарга финансылык колдоо көрсөттү

Кыргызстанда рак менен ооруган балдардын эс алуусуна президент Садыр Жапаров финансылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу “Помогать легко” коомдук фондунун уюштуруучулары маалымат беришти.
Рак менен ооруган балдарды реабилитациялоо онкологиялык ооруну дарылоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. «Помогать легко» коомдук фонду акыркы төрт жылдан бери онкологиялык ооруну жеңген балдар үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет деп айтылат маалыматта.
Быйыл Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ракка кабылган жана ремиссияда турган балдар ата -энелер жана ыктыярчылар менен бирге жайкы лагерге барып эс алып кайтышты.
Президенттин колдоосу менен жайкы эс алууга барган балдардын ата-энеси Жапаровго ыраазычылык билдирүүдө.
Андан тышкары ооруган балдарга жардам көрсөткөн “Ашуу” конок үйүнө, «Hatber” канцелярдык дүкөнүнө белектер үчүн , ал эми патрулдук кызматтын кызматкерлери атайын унаа менен балдарды коштоп жүргөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз деп айтылат маалыматта.




