Коом

Бүгүн унаа, эртең турак-жай жана жер салыктарын төлөөнүн акыркы күнү

Бүгүн, 1-сентябрда, унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, эртең, 2-сентябрда, турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктарды төлөөгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Кененирээк маалыматты 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button