Саясат

Марс Сариев: Президенттин кызматка киришкенде берген убадалары акырындап аткарылууда

Саясат таануучу Марс Сариев жакында эле президент  Садыр Жапаровдун кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо сөзүндө алдыдагы беш жылда бийлик ар бир кыргыз жаранына сапаттуу билим берип, татыктуу жашоо менен камсыздай тургандыгын айтты. Кыргызстандын Эгемендик алгандан берки 30 жылдык мезгилин жыйынтыктап жатып, көптөгөн сыноолор: кризистер, трагедиялар ж.б. болгонун, бирок биз алардын баарын жеңип чыга алганыбызды билдирди. Былтыр Кыргызстандын бюджетин жабуу үчүн 350 миллион АКШ доллары карыз алынган болсо, быйыл бир тыйын дагы карыз албоонун жолу табылганын баса белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүндө салыктын бир нече түрүн төлөөнүн ордуна салыктын бир түрү киргизилери айтылды. Бул салык салуу жол-жобосун абдан эле жеңилдетет.Эң негизгиси, бийлик пенсия менен жөлөкпулдун көлөмүн көбөйтүп жатат. Бул багытта тиешелүү Жарлыктар да чыкты.

Президенттин сүйлөгөн сөзүндөгү көтөрүлгөн олуттуу маселелердин бири өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо болду. Мында аскердик техникаларды жана курал-жарактарды тезирээк толуктап, куралдуу күчтөрүбүздүн согуштук жөндөмдүүлүгүн арттыруу милдети турат.

Ошондой эле Мамлекет башчысы чакан жана орто бизнес үчүн мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары төмөндөтүлөрүн да жарыялады. Бул эмне дегенди билдирет? Мисалы, 15 жумушчу орун түзгөн ишкер үчүн камсыздандыруу төгүмү 17% дан 4% га чейин төмөндөтүлөт.

Жалпысынан алганда, бул республика системалуу түрдө өнүгө баштагандыгынан кабар берет. Ал эми бюджетти толуктоо булактары табылып жаткандыгы жакынкы мезгилдерде абал турукташып, пенсия менен жөлөк пулдар жогорулай тургандыгын тастыктайт. Бул инфляциянын шартында абдан маанилүү. Менимче, мындай аракеттер өлкө үчүн абдан маанилүү. Ошентип, Президенттин кызматка киришкенде берген убадалары акырындап аткарылууда.

Эми тышта болуп жаткан окуялар — Ооганстандагы турукташа элек абал, Борбор Азиядагы дестабилизация өз таасирин тийгизбесе эле, анда Кыргызстандын жакынкы беш жылда элдин жашоо-турмушун кыйла жогорулатууга жана экономикада секирик жасоого чындыгында эле реалдуу шансы бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button