Коом

Бишкектеги онлайн-окуу өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат

Башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактары онлайн-форматта чыгуу боюнча 2024-жылдын 2-февралдагы чечим өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, Бишкек ТЭЦиндеги абалдан улам шейшембиге чейин борбордун бардык мектепке чейинки жана муниципалдык билим берүү уюмдары онлайн-окутууга өткөрүлгөн.

«Ошондой эле министрлик билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө карабай автономдуу эркиндик берет. Эгерде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан жогору болсо, анда окуу жайдын жетекчилиги өз алдынча чечим кабыл ала алат», — деп айтылган маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button