Окуялар

Нарында ондон ашык үйдү тоногон жарандар кармалышты — ФОТО

2021-жылдын 4-июнь күнүнөн 6-июнь күнүнө чейинки аралыкта  үй ээсинин жоктугунан пайдаланып,    белгисиз адамдар  үйдөгү алтын жана күмүш зергер жасалгаларды, мындан сырткары башка мүлктөрүн уурдап кеткендигин билдирип Нарын шаарынын  тургуну 1960-жылы туулган А.Д. арыз менен кайрылган. Ошондой эле,  арызда болжол менен 70 000 (жетимиш миң) сомдук метиралдык   чыгым келтирилгендигин көрсөткөн.  Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты  КЖБРге   Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин  200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту  (Уурдоо) менен  катталып, Нарын ШИИБи тарабынын  сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун    тургуну 1998-жылы туулган С.М.,  Ак-Талаа районунун   тургуну  1990-жылы туулган М.Н.  кармалып,  толугу менен күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Мындан сырткары Нарын шаарынын аймагындагы  10 үйгө жана Кочкор районунун Кочкор айылындагы  3 үйгө уурулукка киргендери аныкталып, күнөөлөрүн толук мойнуна алышкан.

Ак-Талаа районунун тургуну 1990-жылы туулган М.Н. мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча дагы башка кылмышка катыштыгы боюнча  тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button