Коом
Чүй облусунда 200 орундуу тигүү цехи ачылды

Бүгүн, 22-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Миңбай-Ата” жаңы конушунда 200 орундуу жаңы тигүү цехинин ачылышы болду.
Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев катышты.
Облус башчысы мамлекет мыйзамдын алкагында ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн тигүү цехин сынактык негизде куруу үчүн жеке ишкер Закир Токтогуловго 4 миң чарчы метр муниципалдык жер мөөнөттүү пайдалануу үчүн бөлүнгөн. Долбоордун жалпы баасы 30 миллион сомду түздү.
Ишкердин айтымында, учурда Россия жана Казакстан базарларына тигүү продукциясын жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.



