КР ТИМ кыргызстандыктарды Израиль, Иран жана Ливанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда тараптарды эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын сактоого, анын ичинде аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырды.
Анда Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт турганы белгилегенген.
КР ТИМ аймактагы туруксуздукка байланыштуу тобокелчиликтердин күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Израилге, Иранга жана Ливанга баруудан баш тартууну сунуштайт.
Ошондой эле учурда Жакынкы Чыгыш аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук чараларын күчөтүү, адамдар топтолгон жерге барбоо жана ошол өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткаруу сунушталат.
Эгер кандайдыр бир жардам же маалымат керек болсо, төмөнкү тез жардам номерлерине кайрылса болот:
1. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +96525359951;
2. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
3. Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +989352505226



