Саясат

Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага учуп кетти. Бул тууралуу анын тарапташы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал бүгүн, 27-сентябрда эртең менен Ташиев учуп кетерин жазган.

«Бүгүн, 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь күнү эртең менен учуп кетет. «Кумтөр» боюнча тагдыр чече турган күн келиптир», — деп жазды ал.

Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат бере элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button