Окуялар
Мал тоодон түшкөндө тоют чөптөр күйүп… Чүйдө 3500 түк чөп күйүп кетти

Чүйдүн Виноградный айылында 3500 түк чөп күйүп кетти. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат 29-сентябрга караган түнү келип түшкөн.
«Саат 03:33дө 1 өрт өчүрүүчү бөлүм чыгып, саат 04:06да жерине жетишкен. Өрт саат 07:09да чектөөгө алынып, 09:24тө толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 3500 түк чөп күйдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп белгилешти маалымат кызматынан.



