Коом

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда үшүк жүрөт

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 5-7-октябрларында Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button