Коом

“Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» аталышындагы бизнес-форум форум өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» аталышындагы форум өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.

Иш-чара президенттин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында өтүп жатканы белгиленди. Максаты — Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтип, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу.

Аталган форум облустун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларды түзүүгө да мүмкүндүк берери айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button