Саясат

Садыр Жапаров: Суу башында туруп электр энергиясын импорттогон уят иш

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчы 30 жыл мурда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоп келсе, бүгүнкү күндө импортоп келерин маалымдады.

“Камбар-Ата-2 ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес. Мына ошондуктан электр кубаттуулугун көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электр энергиясын импорттогон биз үчүн уят иш”, — дейт Жапаров.

Өлкө башчы кошумчалагандай, буга чейин чакан жана ири ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан ишке ашпай келген.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү — туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button