11-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн 11-октябрда, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал, ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан-чачын болот.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градс болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
11-октябрда Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Күндүз жамгыр жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.



