Окуялар
Республиканын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүп жатат
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин так сактоого чакырат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
“ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планына” ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылдын 11-октябрынан 18-октябрына чейин “Нелегал-2021” ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт.



