Коом
ВИДЕО: УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлери чемпионатта алдыңкы орунга жетишти

16-17-октябрда «Выстрел» ок атуучу спорт клубунун аймагында АК-74 автоматынан ок атуу боюнча өлкөнүн атайын күчтөрүнүн арасында КР чемпионаты болуп өттү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча 1 — 2 -орундарды КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлери, 3 орунду 9 -кызматтын кызматкерлери ээледи.
Белгилей кетсек, 21-22-августта өткөн атайын күчтөрдүн арасында снайпердик атуу боюнча республиканын чемпионатында «Альфанын» кызматкерлери республиканын эң мыктысы болуп, 1 жана 2-орундарды алышкан.



