Борбор Азиянын адистери киберкылмыштуулукка каршы күрөштө күчтөрүн бириктиришти

Өзбекстан Республикасынын Укук коргоо академиясында киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча эл аралык тренинг өттү.

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жана соттук-эксперттик мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Окутуу ЕККУнун колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чарада Кыргызстандын атынан ведомстволор аралык делегация катышып, анын курамына Соттук-эксперттик кызматтын компьютердик-техникалык жана фоноскопиялык экспертизалар бөлүмүнүн башчысы Азамат Кулиев жана башкы эксперт Канат Жаныбеков кирди.

Беш күндүк тренинг компьютердик криминалистикага жана санариптик далилдер менен иштөөгө арналды. Катышуучулар санариптик далилдерди аныктоо, алуу жана изилдөө боюнча практикалык ыкмаларды өздөштүрүштү.
Тренингдин жүрүшүндө санариптик далилдердин кылмыштарды иликтөөдөгү мааниси жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн адистеринин өз ара кызматташуусу талкууланды.
Иш-чара Өзбекстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өттү. Юбилейлик программа 15 иш-чараны камтып, 4-декабрга чейин уланат. Анын негизги окуясы «Tashkent Law Enforcement Forum – 2026» эл аралык илимий-практикалык форуму болот.



