Коом
УКМК: “Биз журналисттерди, жарандарыбызга күмөндүү жана текшерилбеген билдирүүлөргө негизделбеген, ишенимдүү маалымат бербөөнү улантууга чакырабыз”
Маалымат сайттарынын биринде Орусиянын жаранын КР УКМКнын кызматкери Бишкекте унаасы менен сүзүп, андан соң аны сабап салганы тууралуу маалымат жарыяланды.
УКМК бул маалымат чындыкка коошпогонун жана туура эмес экенин расмий билдирет. Аталган жаран КР УКМКнын кызматкери эмес. Жабырлануучу тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышы зарыл.
Биз журналисттерди, жарандарыбызга күмөндүү жана текшерилбеген билдирүүлөргө негизделбеген, ишенимдүү маалымат бербөөнү улантууга чакырабыз. Маалыматты жарыялоодон мурун кылдаттык менен текшерип чыгууну суранабыз, анткени мындай басылмалар КР УКМКнын жалпы кызматкерлерине көлөкө түшүрүүдө.



