Ысык-Көл облусунун тургунунан баңги зат жана мыйзамсыз кармаган балыктар табылды – ФОТО

Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин баӊги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда Каракол-Пристань шаарчасынын тургунун бири үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөрүн билдирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов маалымдады
Аталган ыкчам маалымат Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 268 беренесинин 1 бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, мыйзамсыз баӊги затын сактап жүргөн адамдын өздүгүн аныктоо максатында тийиштүү кызматка тергөө тапшырмасы берилип, көрүлгөн иш чаралардын негизинде ыкчам маалыматта көрсөтүлүп жаткан жаран, Каракол-Пристань шаарчасынын 32 жаштагы тургуну У.Б. болуп чыкты.
Санкцияланган тинтүү иштеринин жүрүшүндө, аталган жарандын үйүнүн короосунун чатырчасынын астынан полиэтилен пакетине салынган, жапайы кендирдин специкалык жыты бар өсүмдүк табылып алынган. Андан тышкары, мыйзамсыз кармалган 506 даана балык жана анын уруктары табылып алынган.
Соттук – химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган баӊги затты кургатылган марихуана түрүнө кирери жана анын тазаа салмагы 205 граммды түзгөнү белгилүү болду. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кармалган жаранга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268 беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык шектүү катары өтүп жаткандагы боюнча кабардама берилди.
Ал эми, алынган балыктар, кайсыл балыктын түрүнө кирерин жана келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында тийиштүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгына жиберилди.
Мамлекеттик мекеменин корутундусу чыгар замат, өзүнүн юридикалык баасы берилет.







