Бишкекте кафенин тамагына ууланып ооруканага кайрылгандар 85ке жетти

Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 85ке жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалымат бүгүн, 25-октябрь, саат 7:30га карата алынды.
Эске салсак, кечээ «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала болчу. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.
«Учурда бир бейтап ооруканадан дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кошумчалагандай, эпидемиологиялык изилдөөдө бейтаптар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан кафелерден тамактанганы белгилүү болгонун кошумчалады. Учурда иликтөө уланууда.


