Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу боюнча 3 адам кармалды

ИИМ онлайн кумар оюндарын уюштуруунун мыйзамсыз схемасын аныктады.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына акча коюу жана онлайн-казинолор аркылуу мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоо фактылары боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын банктарынын карталары аркылуу акча толукталып жана чыгарылып турганы аныкталган.

Андан аркы иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштурууга шектелген жарандар аныкталып, кармалды. Алар: 2003-жылы туулган С.Б., 2006-жылы туулган М.А. жана 2004-жылы туулган А.Р.

Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.



