Коом

Бишкекте 2027-жылы 100 автобуска кондиционер орнотуу пландалууда

2027-жылы 100 автобуска кондиционер орнотуу пландалууда, деп билдирди вице-мэр Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын отурумунда.

Бул максатка 43 млн сомго келишим түзүлдү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 1631 автобус бар, алардын 300гө жакыны кондиционер менен жабдылган.

Р. Алиев 2022–2023-жылдардагы келишимдер боюнча сатып алынган «Zhongtong» маркасындагы автобустарда кондиционер болбогонун билдирди.

Жайында мэрия бир нече кондиционерди сыноодон өткөрдү. Эксперимент үчүн алар 3-4 автобуска орнотулган.

Сыноолордун жыйынтыгында подрядчы компания аныкталды. 2027-жылы 100 автобусту кондиционер менен жабдуу пландалууда. Эгерде эксперимент оң жыйынтык көрсөтсө, иш улантылат.

Р. Алиевдин айтымында, жылына болжол менен 300 автобуска кондиционер орнотууга мүмкүндүк бар. Калган автобустар эки-үч жылдын ичинде жабдылышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button