Коом

Кара-Балтада маршрутка айдоочулары иш таштады

Кара-Балта шаарында маршрутка айдоочулары иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышты.

Айдоочулар жол кире акысын 13 сомдон 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда.

Алардын айтымында, тапкан акчасы күйүүчү май, тамак жана унаа тетиктерине эле кетип жатат.

Жалпысынан тогуз каттамдагы 90 кичи автобус жумушка чыккан эмес. Учурда айдоочулар менен жергиликтүү бийлик акимчиликтин имаратында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button