Коом
Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды

Нооруз майрамынан кийин Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, таштандыларды чогултууга «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-мартта Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.



