Коом

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматынан пайдаланып тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга кызматтык иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген.

Мындан тышкары, министр «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо «Б.» аттуу ЖЧКны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.

Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке жана жеке жактарга ири өлчөмдө зыян келтирилгени кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button