Окуялар

Араванда адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

2023-жылдын 29-январь күнү Араван РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн  кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунда адам өлтүрүү фактысына шектелип, издөөдө жүргөн Араван районунун 29 жаштагы Ф.Р., аттуу  тургуну Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Аталган жаран, 2021-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 02:00 чамасында өзүнүн шериктери  Араван районунун тургундары 37 жаштагы М.А., 36 жаштагы Б.А., жана 30 жаштагы Ш.О. менен алдын ала сүйлөшүп, Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын жашоочусу 54 жаштагы К.Ю үйүнө мыйзамсыз киришип, аны өлтүрүшүп, издерин жашырып качып кетишкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесиндеги (Адам өлтүрүү) кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран 2021-жылы болгон адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн.

Учурда кылмышка шектүү Ф.Р., Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button