Саясат

Садыр Жапаров элди кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров facebook социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү калтырып, кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — деп жазган президент Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button