Окуялар
Бишкекте 19 жаштагы кызды коюп качып кеткен айдоочу аял кармалды

Бишкекте 19 жаштагы кызды автоунаасы менен сүзүп качып кеткен 41 жаштагы аял кармалганын милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Окуя 7-ноябрь күнү саат 07:30дар чамасында болгон.
«Айдоочу Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктан 2002-жылы туулган Ы.Г. аттуу кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген», — деп жазылган маалыматта.
Факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, натыйжада Mazda Demio автоунаасынын айдоочусун, 1980-жылы туулган Ш.Ж. аттуу аялды кармаган. Ал Бишкек ШИИББдин Жол кырсыктарын тергөө кызматына жеткирилген.



