Коом
Бишкектеги Республикалык диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачылат

Республикалык диагностикалык борбору башка жакка которулуп, тейлөө кызматтары өзгөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.
«Улуттук госпиталдын базасында диагностика кылган ыкчам медицина борбору ачылат. Ал жакта тейлөө башкача болот. Маселен, диагностика жасалып, зарыл болсо бейтап жаткырылат. Дарыгерлер кызматтан алынбайт, болгону ошол борборго которулат», — деди ал.
Жумакеевдин айтымында, учурда оорукананын ордуна башка оорукана уюштуруу тууралуу буйрук даярдалып жатат. Ал эми Киев көчөсүндө жайгашкан диагностикалык борбордун ордуна 240 орундуу балдар ооруканасы пайда болору кошумчаланды.



