Коом
Ош шаарындагы жаңы күнөсканада гүлдөрдүн бардык түрү өстүрүлөт

Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясы билдирди.Маалыматка ылайык, долбоор жакын арада ишке киргизилип, гүлдөрдү жыл бою өстүрүүгө шарт түзөт.
Күнөсканада гидропоника жана тамчылатып сугаруу системалары колдонулат. Көчөттөр Кытайдан, Нидерланддан, Кениядан жана Ташкенттен алып келинет. Мындай ыкма жергиликтүү шартта гүлдөрдүн уникалдуу түрлөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда шаарда гүл рыногунун керектөөсүнүн болжол менен 20 пайызы камсыздалат. Жаңы күнөскана ишке киргенден кийин жергиликтүү өндүрүштүн көлөмү көбөйөт.
Кытайдан алынып келинген бир розанын баасы 60–120 сом болсо, жергиликтүү өндүрүш жолго коюлганда анын баасын 30–40 сомго чейин төмөндөтүүгө болот.



