Коом

Кыргызстанда жыл сайын 1 миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 1 миллионго жакын көчөт отургузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, мамлекеттик токой фондунун аймактарында жыл сайын 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.

Токой чарба кызматынан билдиришкендей, токойлорду коргоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, айлана-чөйрөгө жана токой ресурстарына келтирилген зыян өндүрүлүп алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button