Коом
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө 800 млн сом каражат кетет

Парламенттик шайлоо өткөрүүгө болжол менен 800 миллион сом керектелет. Бул тууралуу борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Шайназаровдун айтымында, чыгашалардын көбөйүшү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айлыгынын жогорулашына байланыштуу. Буга чейин алар 2000 сомдон алышчу, эми алар 3000 алышат.
Андан кийин парламент республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү бекитиши керек. Анткени, бул каражаттар башында 2025-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамда каралган эмес.
Эске сала кетсек, 25-сентябрда жетинчи Жогорку Кеңеш таркаганын жарыялаган. Сегизинчи Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.



