Коом
Бүгүн Бишкектеги айрым үйлөргө жылуулук азыраак берилет
Бүгүн авариялык оңдоо иштеринен улам Бишкектеги айрым үйлөргө жылуулук азыраак берилет. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук түйүнү» ишканасы кабарлады.
Билдирмеге караганда, оңдоо иштери саат 9:00дөн 18:00гө чейин уланмакчы.
«Ордо калаадагы Буденный, Гражданский, Гоголь, Сыдыков, Сүйүмбаев, Төрөкул Айтматов жана Чүй проспекти менен чектешкен райондордогу үйлөргө жылуулук адаттагыдан азыраак берилет. Ал эми ысык суу үзгүлтүккө учурабайт», — деп айтылат маалыматта.
Ысык суу жана жылуулук боюнча шаардыктарда суроо жаралса ишкананын кардарларды колдоо кызматынын 1980 жана (0312) 61-11-69 телефондоруна чалса болору айтылды.



