“Жыгылган күрөшкө тойбойт”. Текебаевдин партиясы парламентке келиш үчүн бюджеттен 600 миллион коротулушу керекпи?

Бүгүн, 29-ноябрда БШК имаратынын жанында шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон саясатчылардын митинги өттү. Пикетке “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да катышты. Бул тууралуу bishkek24_ маалымат агенттиги жазып чыкты.
Добуш берүүнүн бул жыйынтыктары жараксыз деп табылса, жаңы шайлоону өткөрүү үчүн бюджеттен дагы 600 миллион сом бөлүнөт экен, деген суроого ал “демократия чыгымды талап кылат, ага татыктуу” деп жооп берди.
“Болбосо экономикалык өсүш да, бийликке ишеним да болбойт” деди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо таанылбай, жаңы добуш берүү жарыяланган. Ошол эле учурда ар бир шайлоо үчүн бюджеттен миллиондогон сумма бөлүнөт.
Текебаевдин мындай жообу көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө.
Бул шилтемеден Текебаевдин сөзүн уксаңыздар болот:
https://www.instagram.com/tv/CW2_WKuD4v8/?utm_medium=copy_link



