Дүйнө

Алматы: Элге көчөгө чыкпоого сунуштады

Казакстандын Алматы облусундагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу полигондо чыккан өрт 3 күндөн бери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына ылайык, кырдаал көзөмөлдө, жакынкы калктуу конуштарга жана тургундарга коркунуч жок.

Бирок, түтүндүн айлана-чөйрөгө тарашы менен байланыштуу, жашоочуларга жана конокторго көчөгө чыкпоону, терезе-эшиктерди жабууну, маска тагынууну жана ден соолугу начарласа, дароо дарыгерге кайрылууну сунушташууда.

Өрт Алматы – Өскөмөн автожолунун 35-чакырымында, Алатау айылынын жанындагы “ADC TAZA ALEM” компаниясына таандык полигондо башталган. Жалпы 35 гектар аянттын 10 гектары өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө 7 региондон өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

Шаардык акимчилик кырдаалга байланыштуу жергиликтүү деңгээлдеги техногендик өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин коомдук талкууга чыгарды.

Өзгөчө кырдаал жаралса, жарандар 112 номерине чалып кайрыла алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button