Коом
Тогуз-Торо районунун акими кызматтан алынды

Нурлан Эшмукамбет уулу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал аталган кызматка ушул жылы мартта дайындалган болчу. 23-ноябрда Садыр Жапаров өткөргөн республикалык кеңешмеде сынга кабылган.



