Дүйнө
АКШ Тажикстанга чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн алты учкучсуз учуучу аппарат берди

АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн алты учкучсуз учуучу аппарат (БПЛА) берди. Бул тууралуу АКШнын Душанбедеги элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, дрондордун жалпы баасы 2,3 миллион долларды түзөт. Алар терроризмге каршы операциялардын алкагында чек ара аймактарына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө пайдаланылат.
АКШ элчилигинин маалыматы боюнча, 1992-жылдан бери Вашингтон Тажикстанга коопсуздук тармагында 600 миллион доллардан ашык жардам көрсөткөн.



