Саясат
Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКнын тергөө абагынан бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту.
Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, соттун тиешелүү токтому бүгүн, 9-декабрда чыккан. Эки депутатка тең камакка алуу түрүндөгү мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, алар сот залынан бошотулду.



