Коом
ИИМ айып пулдун айрым түрлөрүн жогорулатып, мастарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунү көздөп жатат
Мыйзам долбоору ЖКда экинчи окууда каралды.
Өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй:
▪️ичип алып унаа айдаган кишиге биринчи жолу кармалганда бир жылга, кайталанса үч жылга унаа айдоого тыюу салынат
▪️ылдамдыкты нормасынан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат
▪️каршы тилке менен айдоого 15 миң сом (учурда 5 500 сом)
▪️жол эрежесин одоно кайталап бузса кайра экзамен тапшырып айдоочулук күбөлүгүн кайталап алат
▪️автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7500 сом)
▪️салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат.
@user2



