Коом

Кыргызстан жана Өзбекстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Өзбекстандын энергетика министри Шерзод Ходжаев жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, анда эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Тараптар электр энергиясын өз ара жеткирүү жана транзиттөө, Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button