Коом

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда кар жаап жатат

Чүй облусундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты кармоо жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына өз убагында алмаштыруу сунушталды.

Башкармалыктын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөөнү улантып жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button