Коом

Диний жана бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда координациялык кеңешме өтүүдө

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына (КР ДИМК) караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору ЮНФПА, Мутакалим менен биргеликте диний чөйрөдө долбоордук иш-чараларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрүүдө.

“Координациялык кеңешменин максаты — 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу менен бирге долбоорлор жөнүндө маалымат берүү жана долбоорлордун максаттарына/милдеттерине натыйжалуу жетүү үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүү”,- деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.

Учурдагы жолугушуунун темасы кыргызстандыктардын, анын ичинде диний жамааттардын өкүлдөрүнүн репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча билимине, мамилесине жана практикалык тажрыйбасына, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы диний уюмдардын ролуна арналган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button