Окуялар

УКМК: Баткендеги Арка айылынын жашоочусунун автоунаасынан 7 кг. баңгизат чыкты

Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын жашоочусунун автоунаасынан болжол менен алганда 7 килограммдай баңгизат табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Ведомстводон Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү үчүн мыйзамсыз даярдоо») каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын билдирди.

Текшерүү мындан эки күн мурда болгону айтылды. Кызматкерлер кайра келгенде Opel үлгүсүндөгү автоунаага катылган жети килограммдай баңгизат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын гашиш (кара куурай) экени аныкталган. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button