Коом

Азербайжан Тоолуу Карабахта «террорчулукка каршы иш-чараларды» баштады

Азербайжан тоолуу Карабакта “антитеррордук чараларды” баштады. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министрлиги билдирди.

Соккулар аскерий объектилерге гана жасалат, жарандарга жана инфраструктуралык объекттерге чабуул жасалбайт, деп белгилейт Азербайжандын коргоо министрлиги.

«19-сентябрда трассада Армениянын куралдуу күчтөрүнүн топтору тарабынан Карабак аймагында террордук максатта орнотулган минаны жардыруунун кесепетине биздин аскер кызматкерлер каза болуп, жарадар болушкан. Саат 02:40та армян куралдуу күчтөрү азербайжан армиясы тарабына бир нече жолу ок атуучу куралдар менен аткылашты», — деп айтылат Азербайжан департаментинин маалыматында.

«Ок аттышты» деген мындай айыптоолор чындыкка дал келбейт деп жооп берген Армения бийлиги. Жергиликтүү маалымат каражаттары Баку өлкөнүн аба мейкиндигин Армения үчүн жаап жатканын жазышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button