Окуялар

Кара-Сууда каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

Ош облусунун кара-суу районунда каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын Көкүм-Бий көчөсүндө каналда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар каналдан белгисиз эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button