Коом

УКМК “Нарын – Ынтымак 2022” командалык-штабдык машыгуусун өткөрдү — ВИДЕО

2022-жылдын 27-апрелинде КР УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан «Муз-Төр» чек ара тосотунда «Нарын-Биримдик-2022» командалык-штабдык машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Машыгуу мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө аракет кылуусу ыктымал болгон террордук топтордун иш-аракетине каршы тийиштүү чараларды көрүү жана күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө машыгуунун катышуучулары терроризмге каршы машыгууларды жетектөө боюнча ыкчам штаб түзүү, анын ишинин эффективдүүлүгүн жана аймактык ыкчам штабдын мүчөсү болгон негизги күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоону камсыздоого багытталган иш-чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Ошондой эле жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн террордук топтордун ыктымалдуу болгон кол салуусуна карата ыкчам түрдө тийиштүү чараларды көрүү мүмкүнчүлүктөрү текшерилди. Иш-чаранын алкагында террордук топторду жок кылуу аркылуу алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотуу боюнча операция ишке ашырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button