Коом

Улуттук госпиталдын 14 неврологу жумуштан кетүү боюнча арыз жазды

Улуттук госпиталдын 14 неврологу жумуштан кетүү боюнча арыз жазганын медицина кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчиси билдирди.

Бермет Барыктабасованын айтымында, мындай чечим Улуттук госпиталдын дарыгерине бейтаптын тууганы кол салган окуядан кийин кабыл алынган. Эске салсак, бейтаптын тууганына коюлган диагноз жакпай, медикти чачтан алып сабаган. Ал эми экинчи тарап дарыгер 100 миң сом талап кылганын айткан.

Барыктабасова бул окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди урушуп, ур-токмокко алынганына өздөрү күнөөлүү экенин, мындай бейтаптарды кабыл алуунун кереги жоктугун айтканын билдирүүдө.

«Дарыгерлер алардын ар бири системалуу түрдө ушундай жагдайга туш болуп жатканын айтышты. Жабыркаган кесиптештер мындай окуялардан кийин неврология бөлүмүндө иштегиси келбей, жумуштан кетүү боюнча арыз жазышканын билдиришти», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Улуттук госпиталь азырынча бул боюнча үн ката элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button