Дааратканада акча өрттөгөн судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу сунушталды

Судьялар кеңеши буга чейин пара талап кылууга айыпталып кармалган судья Рустам Саткынбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштады.
«Чечим 6-ноябрда Судьялар кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алынды», — деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.
Буга Бишкек шаардык сотунун 2026-жылдын 22-октябрындагы токтому негиз болду, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 3-февралындагы Саткынбаевге карата өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
Эске салсак, 2025-жылдын 4-сентябрында УКМК судья Рустам Саткынбаевдин кармалганын билдирген. Ага пара талап кылуу боюнча айып тагылган.
«УКМКнын дарегине КР жараны арыз менен кайрылган. Ал судья С.Р.Ш. кылмыш-жаза иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4000 доллар талап кылганын билдирген.
Ошол эле күнү судья батиринин дааратканасында мурда пара катары алган акчанын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында күйгөн заттар АКШ доллары экендиги тастыкталган.
29-августта Судьялар кеңеши С.Р.Ш.ны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген», — деп билдирген УКМК.



