Саясат

Жаңы депутат Жусупбек Коргонбай уулу Ак үйдөгү ажаткана менен ашканага кейиди

VII чакырылыштын кечээ өткөн алгачкы жыйынында Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Ак үйдүн кейпин көрүп кейиди.

«Түштөнүү үчүн тамактанууга түшсөк ажатканасында кагазы жок, ашканасына кирсең эшиги мээге соккондой ачылып-жабылат экен, ичинде бир жакшы тамагы жок. Бул эмне деген Ак үй, биз бул жерге биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер өзүбүздүн чарбалык иштерибиз ушул болуп жаткан болсо, эртең мамлекеттин акыбалы кандай болот?», — деп таң калды Коргонбай уулу.

Ошондой эле ал эл жаңыланууну, өзгөрүүнү талап кылганын айтып, төрагалыкка сунушталган эки талапкерге тең ичи чыкпай турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button