Коом

ИИМ: Диний экстремизмди алдын алуу жаатында алгылыктуу иштер аткарылды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен  2021-жылдын ичинде республиканын аймагында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн,  мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, жергиликтүү диаспоралардын, аксакалдар жана аялдар кеӊешинин, жаштар комитетинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык активисттердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда диний экстремизмди алдын алуу боюнча  жолугушуулар, семинарлар, тегерек столдор, кеңешмелер уюштурулган.

Жалпы республика боюнча 2021-жылдын 12 айында диний эктремизмди алдын алуу боюнча коомчулук арасында жалпы 4500 ашуун иш-чара өткөрүлүп, түшүндүрүү агартуу иштери жүргүзүлгөн.  Бул иш-чараларда  катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстремизмди алдын алуу  максатында даярдалган  9000 жакын усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылган.

Андан сырткары, билим берүү мекемелеринде дагы жогорудагыдай иш-чаралар өткөрүлгөнүн эске салабыз.  Жакында,  Бишкек шаарында жайгашкан ИИМдин Республикалык окуу борборунун ѳздүк курамына жана 43-44-45-окуу взводдорунун талапкерлерине, ошондой эле “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенттерине жана мугалимдерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 Токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу, диний экстремизмди алдын алуу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери «Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук  уюмдардын идеологиясы», «Кылмыштуулукту алдын алууда социалдык жоопкерчилик», «Кибер коркунучтар жана аларды алдын алуунун жолдору» аталышындагы атайын даярдалган слайддарды, видеороликтерди көрсөтүү менен маалыматтарды беришти. Иш-чарага жалпысынан 400 жакын катышуучу катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, берилген суроолордун  басымдуу бөлүгү диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча катышуучулар  так жана толук жооп ала алуусуна өбөлгө түзүлдү.

Лекция өткөрүүдө катышуучуларга  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу  боюнча 400 жакын усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылды.  Катышуучулардын санитардык-эпидемиялогиялык эрежелерди сактоо максатында бет каптар,  коргонуучу каражаттар таратылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button