Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкер болуу үчүн «Кыргызтесттен» өтпөй калышты

2027-жылдын январында өтө турган президенттик шайлоого катышууну пландап жаткан Өмүрбек Суваналиев «Кыргызтест» системасы аркылуу кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу сынактан өтүү үчүн жетиштүү упай топтой алган жок. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине өзү тастыктады.
Анын айтымында, кыргыз тилиндеги дилбаян жазуу боюнча 56 упай алган. Сертификат алуу үчүн талап кылынган упайга 4 упай жетпей калган.
«Калган багыттар боюнча упайларым жакшы болду. Лексикадан 87 упай, окуу жана текстти түшүнүү боюнча 84 упай, ал эми оозеки сүйлөө боюнча 65 упай алдым. Негизи, 1-класстан 10-класска чейин кыргыз тилинде билим берген мектепте окугам», — деди ал.
Суваналиев сынакты кайра тапшырууга болорун, бирок азырынча бул боюнча чечим кабыл ала электигин билдирди. Аны менен бирге сынак тапшырган дагы бир талапкер Сыймык Жапыкеев да мамлекеттик тилди билүү сертификатын алуу үчүн жетиштүү упай топтой алган эмес.
Эске салсак, президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталды. Шайлоого катышуу үчүн талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификатка ээ болушу керек.
Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, президенттикке талапкер мамлекеттик тилди кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн баарлашуунун бардык чөйрөлөрүндө колдоно ала турган деңгээлде билиши керек. Бул деңгээл мамлекеттик тилди билүүнү аныктоо системасында «ортодон жогору» деп белгиленген. Тил билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.
Мындан тышкары, президенттикке талапкерлер шайлоо фондунун каражаттарынан 1 млн сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине акча которулганын тастыктаган банктык маалымкат болбосо, талапкердин документтери маңызы боюнча текшерилбестен кайтарылат.
Эгер талапкер шайлоого катышуудан баш тартса же шайлоодо жеңилип калса, төлөнгөн күрөө кайтарылбайт. Каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Азырынча президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касеновдон арыз түшкөн.



